Бишкекте жана Сокулуктагы билим берүүчү жайлар 2 күн онлайн окууга өтөт

Автор

Билим берүү жана илим министрлигинин “Окуу сабактарын онлайн форматта өткөрүү жөнүндө” буйругу чыкты.

Ведомстводон билдиришкендей, буйрукка ылайык, 25-26-октябрда Бишкек шаарынын жана Сокулук районунун мектепке чейинки, мектептик, башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан окуу сабактарын онлайн форматта уюштуруу милдеттендирилет.

Белгилей кетсек, бул күндөрү Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна, Көз карандысыз мамлекеттер мериктештигине жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мүчө-мамлекеттеринин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйындары, ошондой эле Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын расмий иш сапары жана Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Ойун-Эрдэнэнин жумушчу сапары болот

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 24-октябрга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89.32 сомдон  болсо, сатуу  89.72 сомго  чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89.32 сом  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн