Бир жумада 21 миң жол эрежесин бузуу катталды

Автор

Кыргызстандын аймагында бир апта ичинде 21 миң 203 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Анын ичинен:

тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 277;

мас абалында рулга отуруу – 241;

автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 53;

жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежелерин бузуу фактылары – 1 167;

транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 190;

автоээнбаштык – 8;

белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 832;

башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 435.

Ар кандай жол эрежесин бузгандыгы үчүн 1 424 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж - 2024: Орусиялыктарды Олимпиадага катыштыруу чечими кийинкиге калды

Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах россиялык спортчулардын алдыдагы Олимпиада оюндарына кирүү мүмкүнчүлүгү тууралуу жаңы маалымат берди. Ал маселе 2023-жылы чечилбей калышы мүмкүн экенин ачык айтты. Анын айтымында, 14-17-октябрга белгиленген  спорттук уюмдун жыйынында орустар менен беларустар боюнча өкүмдү күтпөш керек. Иш-чара Индиянын Мумбай шаарында өтөт. «Чечим кырдаалдын өнүгүшүнө  жараша […]

Сизге жагышы мүмкүн