Бишкекте гиря спорту боюнча Азия чемпионаты өтөт

Автор

Бишкекте гиря спорту боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу  маалымат жыйында Дене тарбия жана спорт департаментинин спорттогу жогорку жетишкендик бөлүмүнүн башчысы Тилекмат Абдырахманов билдирди.

Анын айтымында, спорттук иш-чара 4-8-майда “Газпром” комплексинде болот.

“23 жашка чейинки эркектер арасында, чоңдор арасында Азия чемпионаты өтсө, 16-18 жашка чейинки өспүрүмдөр жана ардагерлер арасында Азия биринчилиги өтөт. Турнирге алты өлкөдөн: Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түштүк Корея, Индия жана Кыргызстандан 250-350 спортчунун катышуусу күтүлүүдө”, – дейт ал.

Абдырахманов чемпионатты өткөрүүгө департаменттин бюджетинен 1 млн 480 миң сом каралганын белгилеп өттү.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек жана Чүйдө жакынкы бир саат аралыгында катуу шамал болот

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жакынкы 1 саат аралыгында катуу шамал катталышы күтүлүүдө. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, чыгыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. “Жогорку ылдамдыктагы шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар”, – деп айтылат маалыматта. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн