Билим берүү мекемелеринде коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Автор

Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын, билим берүү уюмдарынын педагогикалык жана административдик кызматкерлеринин коопсуздугуна коркунуч көбөйгөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын бардык билим берүү уюмдарында коопсуздук чараларын күчөтүү максатында буйрук чыгарды. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Буйрукка ылайык, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү уюмдардын, жогорку, орто жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилери төмөндөгүлөрдү аткарууга тийиш:

 

билим берүү уюмдарында окуп жаткандардын жана кызматкерлердин өмүрүн, ден соолугун сактоону камсыз кылуучу шарттарды түзүү боюнча чараларды көрүү;

билим берүү уюмдардын корголушунун абалын текшерүү, педагогикалык жамааттарда түшүндүрүү иштерин уюштуруу, мыйзамга баш ийген жүрүм-турум жөнүндө класстык сааттарды, лекцияларды, ата-энелердин чогулуштарын өткөрүү;

өзгөчө кырдаалдар боюнча иш-аракеттердин планын иштеп чыгуу;

билим берүү уюмдарга жарандарды жана автотранспортту өткөрүү режимине контролду күчөтүү;

өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда кабарлоо жана эвакуациялоо системасын жакшыртуу;

окуучуларды, студенттерди жана педагогикалык кызматкерлерди алгачкы жардамдын базалык көндүмдөрүнө окутууну жүргүзүү;

видеобайкоо камераларынын иштөө жөндөмдүүлүгүн, өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарынын болушун жана оңдугун, кошумча эвакуациялык эшиктердин абалын текшерүү.

Бөлүшүү:
Next Post

“Мыкты кыргыз Боз үйү” сынагы жарыяланды

Дүйнөлүк эпостордун эл аралык VII фестивалынын алкагында “Мыкты кыргыз Боз үйү” сынагы жарыяланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, сынак боз үй жасаган улуу муундагы чеберлерден кийинки өсүп келе жаткан муундар үчүн салттуу өнөрчүлүк мектебин калыптандыруу, өнүктүрүү жана сактоо, кол өнөрчүлүктүн казынасын байытуу, элдин […]

Сизге жагышы мүмкүн