Азия оюндары: Кыргызстан медалдык эсепте 18-орунду ээледи

Автор

Кыргызстандын улуттук курама командасы XIX жайкы Азия оюндарында  медалдык эсепте 18-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене трабия жана спорт департаментинен билдиришти.

Оюндарга Кыргызстандын 162 спортчусу спорттун 23 түрү боюнча катышты. Жалпы эсеп боюнча улуттук курама команда 4 алтын, 2 күмүш жана 9 коло медаль жеңип, 18-орунду ээледи.

Ал эми биринчи орунду Кытай -383, экинчи орунду Түштүк Корея -190, Япония -188 медалга ээ болушту.

Коңшу өлкөлөр Казакстан -80, Өзбекстан -71 медаль алды.

Азия оюндары 23-сентябрдан 8-октябрга чейин Кытайдын Ханчжоу шаарында өттү.

Бөлүшүү:
Next Post

Раиси: Иран Палестинанын мыйзамдуу коргонуусун колдойт

Ирандын президенти Ибрагим Раиси Палестина-Израиль жаңжал аймагындагы кырдаал боюнча билдирүү жасап, жаңжалдашкан тараптардын бирине колдоо көрсөттү. Раиси дүйнөнү Палестина элине жасалып жаткан зулум жана адилетсиздикке көңүл бурууга чакырды. Ал палестиналыктардын аракеттерин коргонуу деп атады. “Иран Палестина улутунун мыйзамдуу коргонуусун колдойт. Сионисттик режим жана анын колдоочулары аймактагы өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч келтиргени […]

Сизге жагышы мүмкүн