Бишкекте балдар адабиятына арналган фестивал өттү

Автор

Бишкек шаарында балдар адабиятына арналган «Кичинекей окурман» фестивалы өттү. Бул тууралуу фестивалды уюштурган «Акбарак» коомдук фондунан билдиришти.
Балдар китеп фестивалынын максаты — балдарды китеп окууга кызыктыруу, бала менен бирге китеп окуунун маанилүүлүгүн көрсөтүү жана баланы интеллектуалдык жактан өнүктүрүү болуп саналат. Иш-чаранын алкагында бир катар тема боюнча талкуу аянтчалары түзүлгөн.
«Өлкөдө балдарга арналган кыргыз тилдүү адабият жокко эсе, жазмакерлер саналуу эле. Айрым чыгармалар чет тилден кыргызчага которулганы менен сапаты жакшы болбой жатат. Ошондуктан бул иш-чара бөбөктөргө арналган кыргыз тилдүү адабиятты көтөрүүгө багытталды», — деди «Акбарак» коомдук фондунун директору Уулжан Бектурова.
Фестивалдын алкагында балдар үчүн китептердин чоң көргөзмөсү, мастер-класстар, жомок жана кыргыз, англис тилдеринде китеп окуу сааттары уюштурулду.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 19-февралга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89.50 сомдон болсо, сатуу 89.70 сом болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89 сом 43 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн