Бишкекке Россия Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко келди

Автор

Кыргызстанга Россиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко баштаган делегация келди. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Россия Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин делегациясын «Манас» эл аралык аэропортунда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева тосуп алды.

Белгилей кетсек, 16-17-ноябрь күндөрү Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине кирген мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Жо Байден менен Си Цзиньпин аскердик байланышты калыбына келтирүүнү макулдашты

ЖМКлар Байден менен Си Цзиньпиндин Сан-Францискодогу жолугушуусунун алгачкы жыйынтыктарын жарыялоодо. Тараптар түз аскердик байланыштарды калыбына келтирүүнү макулдашты. “Үзгүлтүккө учураган жана түшүнбөстүктөр болуп кетсе эмне болушу мүмкүн деген кооптонуу болгон түз аскердик байланыштарды кайра баштоо абдан маанилүү”,-деди Байден маалымат жыйынында. Мамлекет башчылары Украина жана Газадагы кырдаалды да талкуулашкан, бирок бул темадагы […]

Сизге жагышы мүмкүн