Бир сааттын ичинде Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Автор

Жакынкы бир саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетүүсү мүмкүн.

 

Катуу шамал учурунда:

 

— Унаанызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;

 

— Электр чубалгылары турган жерге барбаңыз;

 

— Көз айнек кийиниз.

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстан-Өзбекстан: Кибермейкиндикте машыгуу өттү

2-августтан 5-августка чейин Ташкент облусунун Чирчик шаарында “Канжар-2023” биргелешкен ыкчам-тактикалык компьютердик командалык-штабдык машыгуу өткөрүлдү. Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүн моделдөө жана симуляциялоо боюнча илимий-талаа окуу борборунун базасында болгон иш-чара Казакстан менен Өзбекстандын Коргоо министрликтеринин 2023-жылга карата аскердик кызматташуу планына ылайык өттү. Ага казакстандык 18 аскер кызматкери катышты. Иш сапардын жүрүшүндө моделдөө жана […]

Сизге жагышы мүмкүн