Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

Автор

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын 2-сессиясы өз ишин аяктады.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында 50 маселе каралды. Анын ичинен бир катар мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, “Элдик курултай” мыйзамы колдоо тапты. Ошол эле учурда 10го жакын мыйзам долбоору артка кайтарылды.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын 2-сессиясы КРнын гимни менен жабылды.

Быйылкы сессияда 75 кезектеги жыйын өткөрүлүп, 2 кезексиз, 220 мыйзам долбоору, 1394 токтом кабыл алынып, жылдык отчеттор, Башкы прокурордун, Улуттук банктын жетекчилеринин, Эсеп палатасынын, Акыйкатчынын жана башкалардын отчеттору  угулду.

Регламентке ылайык, эл өкүлдөрү июнь айынын соңунда ишин аяктап шайлоочулары менен жолугушууга кетет. Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында өз ишин башташат.

Бөлүшүү:
Next Post

Месси сериалга тартылды

Атактуу  футболчу Лионель Месси өзүн актёр катары сынады. Ал аргентиналык  телесериалынын бир эпизодуна тартылган. Чабуулчу сериалда  өз ролун аткарган, анын сахнасында дагы үч каарман тартылган:  футбол агенттери, аргентиналык футболчулар  жана колумбиялык актёрлор ойногон. Месси тамашалуу сахнанын бир бөлүгүнд чыгат. Анда  агенттер 36 жаштагы футболчунун күн сайын башка дивизиондон же  башка […]

Сизге жагышы мүмкүн