Бир жумада 18,3 миң жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Автор

Кыргызстанда 8-апрелден 14-апрелге чейин жол эрежелерин бузуу боюнча 18 миң 314 факты аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

 

Алардын ичинен:

 

– Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 193;

 

– Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 59;

 

– Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 69;

 

– Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 286;

 

– Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 5946;

 

– Авто ээнбаштык – 6;

 

– Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 2745;

 

– Жалган мамлекттик номери менен унаа башкаруу – 3;

 

– Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 665;

 

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1192 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек — Ош жолу бардык унаалар үчүн убактылуу жабылды

Бишкек — Ош жолунун 81-чакырымы (“Сосновка” посту) эки тарабынан тең автоунаанын бардык түрү үчүн убактылуу жабылганын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Ушу тапта аталган аймакка кар жаап, катуу шамал болуп жатат. Маалыматта жолчулар трассаны кардан тазалап, кум-туз аралашмасын сээп жатканы айтылат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн