“Бир айыл – бир продукт”: Бренддик продукт пайда болот

Автор

Бишкек шаарында “Бир айыл – бир продукт” (БАБП) долбоорун ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы бекитилди. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-аракеттер планы Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) консультациялык колдоосу менен иштелип чыккан.

Ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда маалыматтык кампанияны өткөрүүгө көмөктөшүү;

инвесторлорду жана ишкерлерди БАБП үлгүсүндөгү продукцияларды өндүрүү жана аларды ички жана эл аралык рынокто сатууга тартуу;

БАБП үлгүсүндөгү продукцияны өлкөнүн жана Бишкек шаарынын мэриясынын расмий иш-чараларында колдонуу.

Долбоор президенттин “Бир айыл – бир продукт” эл чарба долбоору жөнүндө жарлыгын аткаруу максатында ишке ашырылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Лукашенко Россиядагы окуялардан улам армиянын күжүрмөн даярдыгын жарыялады

Александр Лукашенко Россиянын түштүгүндө болуп өткөн окуяларды көрүү ал үчүн азаптуу болгонун, көптөгөн беларустар да аларды жүрөгүнө кабыл алышканын, анткени “ата мекен бир” экенин билдирди. «Мен армияны толук күжүрмөн даярдыкка келтирүү боюнча бардык буйруктарды бердим»,-деди ал. Лукашенко ошондой эле согушсуз жашоо үчүн эбегейсиз аракеттерди жасап жатканын белгиледи. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн