14-мартка карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 14-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2,

Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4,

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…-7.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +2…+4 градус.

Бөлүшүү:
Next Post

Жасалма интеллект адамдан акылдуу болору айтылды

Америкалык миллиардер Илон Маск 2025-жылы жасалма интеллект адамдардан акылдуу болорун болжолдоду. Тесланын жаратуучусу америкалык футуролог Рэймонд Курцвейлдин 2029-жылы жасалма интеллекти адамдын жөндөмдөрү менен салыштырууга болот деген тыянагына жооп берди. Маск X социалдык тармагындагы баракчасында бул көз карашка макул эместигин билдирди. Жасалма интеллект келерки жылдын башында өнүгүп, беш жылдан кийин же […]

Сизге жагышы мүмкүн