Дарактар “туткундан” бошотулууда

Автор

Ташкентте бак-дарактарды шаар экологиясынын таасиринен сактоо боюнча акция өтүп жатканын Өзбекстандын Жаратылыш ресурстар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мындай акцияларды Өзбекстандын башка шаарларында да өткөрүү пландалууда.
Аталган министрликтин жетекчиси Азиз Абдухакимов акцияны демилгелеген. Ташкенттеги көптөгөн бак-дарактардын сөңгөктөрү асфальтка жана бетонго салынган. Бул нымдуулуктун жана абанын тамырларга кирүүсүнө тоскоол болуп, дарактардын өлүмүнө алып келет. Аларга орнотулган камералар, лампалар жана жарнамалык баннерлер жашыл мейкиндиктерге зыян келтирет.
Бак-дарактардын нормалдуу өсүшүнө тоскоол болгон көйгөйлөр шаар тургундарынан көрктөндүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана кичи райондордун активисттеринин кайрылуулары менен чечилүүдө.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Салттуу музыка жумалыгынын  Ош шаарындагы  программасы

Салттуу музыка жумалыгы Ош шаарында уланат. Бул тууралуу  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара 24-25-апрель күндөрү өтөт.   24-апрель – Ыр күнү Иш-чара Ош мамлекеттик университетинде саат 10:00дө илимий-практикалык конференция менен башталат. Конференциянын темасы: Салттуу маданият жана искусство: сактоо, окутуу жана изилдөө […]

Сизге жагышы мүмкүн