Бешинчи лицензия! Жоломан Шаршенбеков  Олимпиадага жолдомо алды

Автор

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков (62 кг) Сербиядагы дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, Олимпиада оюндарына жолдомо алды.

Бүгүн, 22-сентябрда таймашка чыккан Шаршенбеков 1/16 финалда литвалык Юстас Петравичюсту 10:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.1/8 финалда грузиялык балбан Придон Абуладзени да мөөнөтүнөн мурда, 44 секундда 9:0 эсебинде утту. Чейрек финалда өзбекстандык Исломжон Бахромов менен күч сынашып, аны да мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңди.

Ал эми жарым финалдык беттеште Шаршенбеков ирандык Мехди Мохсен Нежад менен күрөшүп, аны 4:3 эсебинде утуп алды.

Шаршенбенов финалга чыгуу менен 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул Кыргызстандын куржунундагы бешинчи лицензия.

Бөлүшүү:
Next Post

 Сүйүнчү! Акжол Махмудов экинчи ирет дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов  Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионаттында  жеңишке жетип, экинчи ирет дүйнө чемпиону болду. Махмудов  финалга чыгуу үчүн норвегиялык, египеттик, өзбекстандык жана япониялык атаандаштарын уткан. Акжол Махмудов финалга чыгуу менен 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алган. Ал эми алтын үчүн беттеште Махмудов азербайжандык […]

Сизге жагышы мүмкүн