Сүйүнчү! Акжол Махмудов экинчи ирет дүйнө чемпиону болду

Автор

Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов  Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионаттында  жеңишке жетип, экинчи ирет дүйнө чемпиону болду.

Махмудов  финалга чыгуу үчүн норвегиялык, египеттик, өзбекстандык жана япониялык атаандаштарын уткан. Акжол Махмудов финалга чыгуу менен 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

Ал эми алтын үчүн беттеште Махмудов азербайжандык Санан Сулейманов менен күч сынашып, жеңишке жетти.

Бул жеңиши менен Акжол Махмудов экинчи ирет дүйнө чемпиону атанды. Буга чейин ал былтыр ушул эле Сербияда өткөн дүйнө биринчилигинде алгач ирет дүйнө чемпиону болгон.

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионаты 24-сентябрга чейин уланат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Кытайда Азия оюндары башталат

Бүгүн, 23-сентябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында төрт жылда бир өткөрүлүп келген Азия оюндарынын салтанаттуу ачылышы болот. Мелдештер Азия өлкөлөрүнүн спортчулары арасында өтүп, ага 40тан ашуун өлкө катышат. Аталган оюндарга Кыргыз Республикасынан – 230дан ашык  киши барды.  Анын ичинде спортчулар, машыктыруучулар, медицина кызматкерлери, кураторлор жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү бар. Азия оюндарынын […]

Сизге жагышы мүмкүн