Бекдөөлөт Расулбеков Азия чемпионатында күмүш байгеге ээ болду

Автор

Кыргызстандык оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Ташкентте өткөн Азия чемпионатында 2-орунду ээледи. Ал 9-февралда 102 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.

Расулбеков 386 кг (173 кг жулкуп көтөрүү, 213 кг) жалпы жыйынтык көрсөтүп, күмүш байгеге ээ болду. Өзбекстандык спортчу 400 кг салмакта жыйынтык көрсөтүп, Азия чемпиону болду.

Буга чейин Кыргызстандын спортчулары 3 коло медалга ээ болушкан, анын жеңүүчүлөрү Татьяна Мельниченко, Эмил Молдодосов жана Нурсултан Тарасов болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйыны аяктады

Анкара шаарында Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйыны аяктады. Алгач Түркия Республикасынын Анкара шаарына расмий сапар менен келген Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз Түркия Республикасынын Президентинин сарайында салтанаттуу азем менен тосуп алды. Атайын […]

Сизге жагышы мүмкүн