Эртең тууну өзгөртүү долбоорун ЖК комитети экинчи окууда карайт

Автор

Эртең, 19-декабрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда көпчүлүк добуш менен кабыл алынган.
Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун төрага Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, 28-сентябрда коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.

Бөлүшүү:
Next Post

Өлкө боюнча мыйзамсыз курулган 224 объект аныкталган

Республика боюнча 224 мыйзамсыз курулган объекттер аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Нурдан Орунтаев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, ар кандай багыттагы мыйзамсыз курулуштардын саны 147. «Алардын ичинен: 77си турак жай объектиси. Бишкек шаарында — 38; Ош шаарында — 17; Ош облусу боюнча — […]

Сизге жагышы мүмкүн