Баткен менен Ысык-Көлдө өрүктөн май чыгарган чакан цехтер ачылат

Автор

Баткен менен Ысык-Көлдө өрүктөн май чыгарган чакан цехтер ачылат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстанда айыл чарбасын өнүктүрүү максатында дыйкан-фермер, багбандардын кирешесин көтөрүүгө багытталган кайра иштетүүчү чакан өндүрүштөрдү куруу колго алынууда.
Бул багытта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканалар менен дыйкан-фермерлердин байланышын бекемдөө, агрокластерди өнүктүрүү, дыйкандарга жана чакан ишканаларга ылайыкташтырылган технологияларды, бизнес моделдерди жана жабдуулардын иштөөсүн жайылтуу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүүдө.
Министрликке караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти уюштурган көргөзмө-семинарда өрүктү кайра иштетүүдө винттүү май пресс машинасы, конвекциялык кургатуучу шкаф, электрондук гигрометр, өрүктүн данегин өлчөөчү машина, өрүктүн данегин майдалоо үчүн машинасы, өсүмдүк майын тазалоо үчүн алкак чыпкасы көрсөтүлдү. Бул жабдуулардын орточо баасы 2-3 миң долларга барабар. Май чыгаруучу жабдуу, суткасына ысык басуу ыкмасы менен 2-2,5 тонна, ал эми муздак басуу ыкмасы менен 1,3 тонна май өндүрүлөт.
“Бул долбоордун негизинде жергиликтүү багбан-фермерлерге өрүктү отургузуу, өстүрүү, кам көрүү боюнча атайын окуулар өткөрүлүп, өндүргөн продукцияларын кайра иштетип кирешеге чыгуу үчүн чакан цехтерди ачууга жол көрсөтүлөт”, – деди айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев.

Бөлүшүү:
Next Post

Элмирбек Иманалиевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы берилди

Маркум Элмирбек Иманалиевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы берилди. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Кыргыз Улуттук “Манас” театрынын ачылыш аземинде айтылды. Сыйлык берүү боюнча жарлыкка кол коюлганын президент Садыр Жапаров билдирди. Ак таңдай акын, обончу Элмирбек Иманалиев көзү тирүү болгондо быйыл 46 жашка чыкмак. Ал 2020-жылы 20-апрелде оорудан улам 42 жашында көз […]

Сизге жагышы мүмкүн