21-мартка карата аба ырайы

Автор

21-мартта түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт.
Күндүз көпчүлүк аймакта мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +9…+14,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +10…+15,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +10…+15,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11.

Бишкекте түнкүсүн +6…+8, күндүз +12…+14 градус жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнөнүн эң мыкты футбол академиялары аталды

Эл аралык спорттук изилдөөлөр борборунун (CIES) эксперттери дүйнөдөгү футбол чемпионаттарындагы абалды талдап, “Барселона” менен “Реал Мадриддин” окуучулары эң көп суроо-талапка ээ деген тыянакка келишти. Дүйнө жүзү боюнча 60 футбол лигасында жүргүзүлгөн байкоолордо 101 оюнчунун “Барселона” менен “Реал Мадриддин” академиясынын диплому бар экени аныкталган. Мында 15 жаштан 21 жашка чейин бул […]

Сизге жагышы мүмкүн