Баткенде кыргыз-тажик жумушчу топторунун жолугушуусу өттү

Автор

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү.
КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен шаарында өткөн.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек аймактарын делимитациялоону улантуу маселесин талкуулап, Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун сүйлөшүүлөрүн мындан ары активдештирүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды беришти.
Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.

Бөлүшүү:
Next Post

Катарда Азия Кубогунун ачылышы өттү

Катарда футбол боюнча негизги континенталдык турнир – 2023-жылкы Азия Кубогу старт алды. Турнирдин ачылышы “Лусаил” стадионунда өтүп, көз жоосун алган азем менен коштолду. Иш-чаранын ачылышына жана алгачкы беттешти көргөнү 82 миңден ашуун көрүүчү келген. Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасы Азия биринчилигине өз тарыхында экинчи жолу ойнойт. Ага жалпысынан 24 Улуттук […]

Сизге жагышы мүмкүн