Балдар эмгегине каршы күрөшүү зарылдыгы жарыяланды

Автор

Эл аралык эмгек уюму дүйнө жүзү боюнча миллиондогон балдардын келечеги коркунучта экенин, жашы жете электердин көбү иштөө жана акча табуу үчүн окуусун таштоого аргасыз болгонун билдирди. Эл аралык Эмгек Уюмунун башкы директору Гилберт Хунгбо балдар эмгеги аз, орто жана жогорку кирешелүү өлкөлөрдө жана айыл чарба, тоо-кен казып алуу жана курулуш сыяктуу тармактарда өсүп жатканын айтты.

Гилберт Хунгбо глобалдык экономикалык кыйынчылыктардын шартында дүйнөнүн бардык аймактарында балдардын эмгеги боюнча регрессия байкалып,  көйгөй тез арада чечүүнү талап кыларын айтты. “COVID-19 терс таасири инфляциянын өсүшү жана анын натыйжасында жашоонун наркынын жогорулашы менен маселе бир топ күчөдү. Азыртан чечкиндүү жана тез аракет кылбасак, абал жыл сайын курчуп баратат”,-деди.

БУУ тарабынан 2020-жылдын башында түзүлгөн маалыматтар дүйнө жүзү боюнча 160 миллионго жакын бала жашоо үчүн иштөөгө аргасыз экенин көрсөттү. COVID-19 пандемиясынын учурунда чогултулган жаңы маалыматтар бул тенденциянын уланып жатканын көрсөтүп турат.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутат мыйзамдар аткарылбай жатканын айтты

“Биз мыйзамдуу өлкөдө жашагандан кийин мыйзамдарды чыгарган жана көзөмөлдөгөн орган бизбиз. Бирок, биз чыгарган токтомдор жана мыйзамдар аткарылбай жатат”,- деди депутат Айбек Осмонов бүгүн, 6-сентябрда парламенттин жыйынында. Ал парламентти мыйзамдарды көзөмөлдөөгө чакырып, “протоколдук тапшырма берип жатабыз, токтомдор аткарылбай жатат. Муну ким көзөмөлдөйт”,- деп сурады. Ал парламентти ынтымакка чакырып, биргеликте иш […]

Сизге жагышы мүмкүн