Астанада Кыргызстан менен Казакстандын президентинин расмий жолугушуу аземи өттү

Автор

19-апрелде Астанада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
Акорда президенттик сарайында Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароол тизилип, килемдер төшөлүп, өз ара саламдашуудан кийин мамлекет башчылары расмий делегацияларын тааныштырышты.
Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Мамлекет башчылары түзүмдү кыдырып чыгышкан соң лидерлер биргеликте сүрөткө түштү. Андан кийин өлкө лидерлери тар курамдагы сүйлөшүү залына киришти.

Бөлүшүү:
Next Post

Айыл чарбасын каржылоого 937 млн сом берилди

Быйыл 11-апрелге карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоору боюнча 937,2 млн сом берилди. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, быйылкы жылга жалпысынан 5 млрд сом бөлүнгөн. Дыйкандарга жеңилдетилген насыялар “Айыл Банк” жана “РСК Банк” тарабынан берилүүдө. Республиканын 2 миң 262 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө насыялар берилди, анын ичинде: мал чарба тармагында […]

Сизге жагышы мүмкүн