Байден Газа тилкесин басып алуу ыктымалдуулугу боюнча суроого жооп берди

Автор

АКШнын президенти Жо Байден CBS телеканалына берген маегинде Палестин автономиясын эмес, ХАМАСтын толугу менен жок кылынышы керектигин айтты.
“Бирок Палестинанын бийлиги болушу керек. Палестина мамлекетинин болушу үчүн жол болушу керек. Бул Израилдин жанында эгемендүү мамлекетти түзөт. Газада жана Батыш Шериада жашаган беш миллион палестиналык үчүн»,-деди Байден.
Ушул эле маекте Израилдин Газаны басып алуусун колдоо боюнча  суроого жооп берген Байден бул чоң жаңылыштык болорун айтты.
Байден белгилегендей, Газа тилкесиндеги жаңжал ХАМАС менен байланыштуу.  “Мен ХАМАСтын ашынган элементтери бардык палестиналыктарды билдирбейт деп ишенем жана  Израилдин Газаны  басып алуусу жаңылыштык болот деп ойлойм”,-деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Улуттук боксчулар лигасы түзүлдү

Кыргызстанда “Улуттук боксчулар лигасы” расмий түрдө ачылып, анын күбөлүгү менен мөөрүн лиганын тең төрагалары Артур Медетбеков менен депутат Шайлообек Атазовго Адилет министринин орун басары Орозбек Сыдыков тапшырды. Лига дүйнөлүк олимпиадаларда өлкөбүздүн байрагын желбирете турган боксчуларды өстүрүп, дени сак муунду тарбиялайт. Шайлообек Атазов белгилегендей, бул Кыргызстандын бардык боксчуларынын башын бириктирет. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн