Фишт тоосунан сейрек көлөмдөгү көчкү түштү

Автор

Кавказ жаратылыш биосфералык коругу менен чектешкен аймакта адаттан тыш көрүнүш катталды.
Сочи географиялык коомунда белгиленгендей, эң кубаттуу массанын көлөмү 1 миң куб метр болуп, кар, таш жана топурактан турат. Мындай ири кар көчкү 100 жылда бир жолу түшөт.
Бул көрүнүш илимпоздордун да көңүлүн бурду. Анткени тоонун чокусунда өтө тар жерде көп көлөмдөгү кар жана суу чогулган.
Көчкүдөн кийин адистер Фиштке чыгып, аймакты текшеришет. Сейрек кездешүүчү кубулуштун табияты тууралуу маалыматты Кавказ коругунун жана Гидрометеорология борборунун өкүлдөрү изилдеп чыгышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Космосту өздөштүрүү зарылчылык, эртеңки чакырык

Космосту өздөштүрүү зарылчылык, эртеңки чакырык (Кол жеткен, ойго келбеген космос) Кусейин Эсенкожоевдин “Үчүнчү шары” жана космос «Мен бир шар жасап, ал аркылуу көтөрүлүп, жогоруга учтум эле. Бирок менин шарымда кемчиликтер болгондуктан жана өзүмдүн болжогон жериме бара албай, белгисиз жолго түшүп, суюк абанын арасында гана жогорулап кетип бара жатам. Жарык шооласы […]

Сизге жагышы мүмкүн