Ашуулардагы жолдордун абалы айтылды

Автор

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөнүн ашууларындагы жолдордун абалы тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, аба ырайынын бузулушуна байланыштуу бардык ашууларда жолчулар тарабынан күзөт уюштурулган. Учурда:

– Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, жол ачык;

– Чычкан капчыгайында жана Ала-Бел ашуусунда кар себелеп жатат, каттам ачык, чектөөлөр жок;

– Бишкек-Ош унаа жолунун Көк-Бел ашуусунда күн бүркөк, каттам ачык. №30 ЖТИ тарабынан күзөт бар;

– Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда күн бүркөк, жол кыймылына чектөө жок, каттам ачык;

– Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Долон жана Кызыл-Бел ашууларында ала-булут, унаа жол ачык;

– Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Кубакы ашуусунда күн ачык, каттам ачык;

– Ысык-Көл облусунун Чоң ашуусунда ашуусунда күн бүркөк. Учурда ашуу ачык, каттам бар.

– Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунда күн бүркөк, каттам ачык;

– Ош облусунун Чыйырчык, Талдык, Тоң-Мурун, Кызыл-Арт ашууларында күн бүркөк, каттамдар ачык.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекке автобус алууга бюджеттен 8,8 млрд сом бөлүнгөн

Бишкек шаарына автобустарды сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 8,8 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, КР министрлер кабинети тарабынан 2023-жылга Бишкек шаарынын мэриясына автобустарды сатып алууга 3 млрд 806 млн сом өлчөмүндө каражат каралган. Ошол эле учурда 2023-жылдын 15-мартындагы ZHOHNTOHG BUS HOLDING CO LTD менен түзүлгөн келишимге […]

Сизге жагышы мүмкүн