Ашуулардагы абал айтылды

Автор

Бүгүн, 26-декабрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Министрликке караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатат.
Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун Чыйырчык, Талдык, Тоң-Мурун ашууларында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировканын Чапчыма ашуусунда, Бишкек — Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунда, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Долон, Чар, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары менен Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу жана башка жолдордо каттам бар.
Ал эми Барскоон — Ак-Шыйрак жолундагы Сөөк ашуусу менен Каракол — Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашууда бороон болуп жатат, бирок жол ачык.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жанына күрөк менен чынжырчаларды алып жүрүү менен катар жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Бөлүшүү:
Next Post

Парламент өз милдеттерин аткара албай жатабы?

Азыркы парламент өз милдеттерин аткара албай жатат. Жаштар люстрация маселесин алгач, ушул парламенттен башташы керек. Мындай пикирин саясат таануучу Табылды Акеров билдирди. Ал туунун тегерегиндеги талаш, тартышта депутаттар деңгээли төмөн жүйөөлөрдү келтиришкенин билдирген. Өткөн жумада парламенттеги комитет жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу туунун өңүн сындап, “жол чырак кызыл күйгөндө токтойсуң, […]

Сизге жагышы мүмкүн