Чукул билдирүү! Аба ырайы -25°C чейин төмөндөйт

Автор

Кыргызстанда аба ырайы -25°C чейин төмөндөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул билдирүү таратты.
Синоптиктердин маалыматына таянсак, 16-февраль күндүз жана 17-18-февраль күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.
16-февралда күндүз жана 17-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 17-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.
18-февралда Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
16-февралда күндүз жана 17-февралда түнкүсүн айрым жерлерде катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. 17-18-февралдарда айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

17-18-февраль күндөрү абанын температурасы төмөндөп:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, түндүгүндө -22…-27°, күндүз -7…-12°;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -8…-13 градус;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°;
Ысык-Көл ойдоңунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9°;
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -16…-21°, күндүз -4…-9°;
республиканын тоо этектеринде түнкүсүн -19…-24°, күндүз -9…-14°, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -20…-25°, күндүз -11…-16°, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -28…-33°, күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.
Мындай суук аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кубантайды эмне кубандырат?

Москва шаарына илим издеп кетип, изденүүсүнүн натыйжасында ийгиликтерге жетишкен мекендешибиз, Патрис Лумумба атындагы Орусия элдер достугу университетинин Гравитация жана Космология институтунун физика кафедрасынын окутуучусу, илимдин кандидаты Кубантай Эрназаровдун илимдеги жана көркөм адабияттагы чыгармачылык жолу тууралуу маекке тартык… -Кубантай, алгач өзүңүз жөнүндө, кандайча Орусияга барып, физик кесибин аркалап калганыңыз тууралуу айтып […]

Сизге жагышы мүмкүн