Афганистандагы жер титирөө: Жоготуу 2 миңден ашты

Автор

Афганистанда жер титирөөнүн кесепетинен көз жумгандардын саны 2445 адамга, жарадарлардын  саны 2000ге жетти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Жанан Саектин айтымында  кырсыктан 1320 үй жарым-жартылай же толугу менен кыйрап калган.
АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматы боюнча, Афганистандын батышында жер титирөө 7-октябрда 1,9 миллион калкы бар Герат шаарынан 35 чакырым түндүк-батышта күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө болду.
Тоолор менен курчалган Афганистанда катуу жер титирөөлөр көп болот. Алардын көбү Пакистан менен чектеш Гиндукуш чөлкөмүндө катталат. Кыйроолор  өлкөдө ондогон жылдар бою уланган согуштун таасири  тийген алыскы аймактарында болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Кылмыштуу империянын жалпы каражаты 1 млрд доллар

УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жана анын жакындарынын мыйзамсыз мүлктөрүндө 850дөн ашык кыймылсыз мүлк бар экенин айтты. Учурда кылмыштуу топтун 40 активдүү мүчөсү жана лидерлери кармалды. Көлбаевдин мыйзамсыз чогулткан мүлкүнүн болжолдуу баасы 1 миллиард доллар барабар экендиги айтылат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн