Ат-Башы районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Автор

Нарын облусунун Ат-Башы районуна “өзгөчө кырдаал” режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-майдан тарта Ат-Башынын Арпа өрөөнүндө аба ырайы кескин өзгөрүп, кар калың жаап, жайлоодо 5 үй-бүлө мал жандыктары менен калган. Малчылардын короосунда 867 уй, 1400 кой бар. Учурда малчылардын тамак-аштары жетиштүү, бирок мал жандыктардын тоюту жок болгондугуна байланыштуу малчылар жардам сурап кайрылган.

ӨКМден ыкчам топ тартылып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте малчыларга 680 түк чөп жеткирилди. Учурда жол каттамы ачык.

Ошондой эле Арпа өрөөнүндөгү Ак-Бейит, Беш-Сары, Ичке, Кемесия тилкелеринде калган малчыларга ыкчам жардам көрсөтүү жана кырдаалды жөнгө салуу максатында Ат-Башы райондук акиминин бйругу менен 3-майдан тартып райондун аймагына “Өзгөчө кырдаал” режими убактылуу киргизилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Эмне үчүн кортизолду стресс гормону деп аташат?

Кортизол деген эмне? Аны эмнеге стресс гормону деп аташат? Буга адистер жооп беришти: Стресстүү кырдаалдардан тышкары, эртең менен ойгонгондо кортизолдун деңгээли эң жогору болот. Анда сиз сергип, энергияга толуп, жаңы күнгө оптимист болушуңуз керек. Күндүз чарчабаңыз – концентрация канааттандырарлык деңгээлде экенбигин байкаңыз. Кечинде, тынчтануу менен бирге, кортизолдун деңгээли дээрлик эки […]

Сизге жагышы мүмкүн