Атактуу кийим марканын икаясы: “Лакосте”

Автор

Дүйнөгө таанылган Лакостени Франциялык теннис оюнчусу Рене Лакосте 1920-жылы ойлоп тапты. Ал убакта Европанын бир топ өлкөлөрүндө теннисчилер өздөрүнө ыңгайлуу, жеңил кийим кийишпейт эле. Салт болуп калгандай, оюн талаасына узун шым, узун колдуу көйнөк жана галстук тагынып чыгышкан. Бул абал Рене Лакостени аябай тынчсыздандырган. Ал мындан улам кийим индустриясын куруу чечимин кабыл алат. Алгачкы жолу теннисчилер үчүн футболка тигип, анын жакасына крокодилдин сүрөтүн чаптаган.

Рене Лакостени курдаштары “The Crokodile” лакабы менен чакырышаар эле. Атактуу марканын аты кийин анын лакабын алды. Жаңы идея менен тигилген футболканы бардык теннисчилер жактырышып, колдоого алып жиберишти. 104 жылдан бери Лакосте дүйнө элдеринин издеп жүрүп, кийген кийимдерин тигет. Алар өндүргөн үрүндөрдүн ичинде баштык, атыр, аяк кийим, кыштык жана жаздык кийимдердин түрү бар.
Лакосте 2022-жылы 2.5 млрд долларлык үрүн сатып, эбегейсиз пайда тапкан компания катары дүйнөлүк басма сөздүн көңүлүн өзүнө бура алды.

Бөлүшүү:
Next Post

Равшан Жээнбековдун Таластагы жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Равшан Жээнбековдун жер тилкеси мамлекеттин пайдасына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Талас облусунун Киров суу сактагычынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 4 гектар болгон «Эдельвейс-Тур» эс алуу зонасы мамлекетке ыктыярдуу түрдө […]

Сизге жагышы мүмкүн