Улуттук банктын алтын корунун баасы кымбаттады

Автор

Улуттук банктын алтын корунун баасы март айында 3 миллиард 167,3 миллион сомго жогорулады. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылууда.

Маалыматка ылайык, марттын башында — 83 миллиард 783,1 миллион сом, апрелдин башында — 86 миллиард 950,4 миллион болду.

Сумма эмнеден улам жогорулаганы тууралуу айтылган эмес.

2021-жылдын май айында Улуттук банктын алтын кору рекорддук көрсөткүчкө жетип, 99 миллиард сомду түзгөн. Ал эми сентябрда 29 миллиард сомго чейин түшкөн.

Кийинчерээк башкы банк 2021-жылдын башында 20 тоннага жакын алтын сатканын кабарлады.  Андан соң көлөмү өйдө-ылдый болуп турду, бирок негизинен өсүү байкалды.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Жазуучу Бейшенбай Усубалиевдин "Зоока" китеби жарык көрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде жазуучу Бейшенбай Усубалиевдин “Зоока” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү.  Ага акын-жазуучулар, адабиятчылар, мамлекеттик жана саясий ишмерлер, маданият өкүлдөрү, ишкерлер катышты. Китеп миң нуска менен “Улуу тоолор” басмаканасынан чыккан. Бейшенбай Усубалиев адабиятчылар арасында психологиялык прозанын чебери катары таанымал. “Түркүк”, “Көз”, “Түтүн”, “Түн”, “Зоока” ж.б. 50дөн […]

Сизге жагышы мүмкүн