Парижде жарылуудан имарат урап, өрт каптады

Автор

Париждин бешинчи округунда – шаардын эң эски районунда күчтүү жарылуу болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, жарылуунун эпицентри Париждеги Америка академиясынын имараты, 1965-жылы негизделген жеке мода мектеби болгон.
Жардыруудан кийин имарат урап, өрт чыккан. Өрт коңшу имараттарга да өткөнүн Франциянын премьер-министри Элизабет Борн билдирди.
BFM телеканалынын маалыматына караганда, 16 адам ар кандай жаракаттарды алышкан, алардын жетөөнүн абалы оор.
Окуя болгон жерге 230 өрт өчүрүүчү жана тогуз дарыгер келген. Париждин прокуратурасы окуянын чоо-жайын иликтөөгө киришти.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Кытай менен чек арадагы көзөмөл өткөрүү жайлары убактылуу жабылды

Бүгүн, 22-июнда Кытай менен чектешкен “Торугарт-автожол” жана “Эркечтам-автожол” өткөрүү жайлары иштебейт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кытайда “Дуан у” ажыдаар кайык фестивалын майрамдоого байланыштуу кытай тараптын демилгеси менен көзөмөл өткөрүү жайлары убактылуу жабылат. Унаа жана жүктөрдү өткөрүү 23-июндан тарта жанданат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн