Армения тарап Рим статутун ратификациялоо боюнча түшүндүрмө берди

Автор

Армения Азербайжан менен чек арадагы окуяны иликтөө үчүн Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) негиздөөчү документи болгон Рим статутун ратификациялай баштаганын премьер-министри Никол Пашинян билдирди.
Ал түшүндүргөндөй, кеп 2021-жылдын майында жана 2022-жылдын сентябрында болгон окуялар жөнүндө болуп жатат. Ал эми ратификациялоо процессинин өзү өткөн жылдын декабрь айында башталган.
Гаага сотунун катышуусу ЖККУ өз милдеттерин аткарбаган жана аткарбай жаткан шартта Армениянын коопсуздугун бир топ жогорулата алат.
Пашинян Ереван өкмөтү кошумча эл аралык коопсуздук рычагдарын алууга аракет кылып жатканын баса белгиледи.
«Бул процесс армян-орус мамилелерине таптакыр тиешеси жок, чек арадагы чыңалууга байланыштуу»,-деп түшүндүрдү Пашинян.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖК комитети  Нурия Кутнаеванын талапкерлигин жактырды

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Нурия Кутнаеваны санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү маселесин карап, анын талапкерлигин жактырды. Жыйында депутат Бактыбек Чойбеков Нурия Кутнаевага кайрылып, “Дастан” заводунун алдыдагы тагдырына кызыкты. Депутат Гулшаркан Култаева өздүк документ алууда калкты тейлөө борборлорундагы көйгөйлөрдү көтөрүп, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга […]

Сизге жагышы мүмкүн