ЖК комитети  Нурия Кутнаеванын талапкерлигин жактырды

Автор

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Нурия Кутнаеваны санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү маселесин карап, анын талапкерлигин жактырды.

Жыйында депутат Бактыбек Чойбеков Нурия Кутнаевага кайрылып, “Дастан” заводунун алдыдагы тагдырына кызыкты. Депутат Гулшаркан Култаева өздүк документ алууда калкты тейлөө борборлорундагы көйгөйлөрдү көтөрүп, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга чакырды. Депутат Винера Раимбачаева алыскы аймактарда санариптиштирүү иштерин толук кандуу бүтүрүүнү айтып, региондордогу калкты тейлөө борборлорундагы кезек күтүүлөрдү жөнгө салуу маселесине көңүл бурду. Министрдин милдетин аткаруучу Нурия Кутнаева депутаттар көтөргөн бардык маселе көңүл борборунда турганын белгилеп, тармактын ишин жакшыртууга аракет көрөрүн билдирди.

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Мурадил Сыдыков, депутаттар Азамат Исиралиев, Улукбек Ормонов Д. Кутнаеванын министр кызматына дайындалышын колдой турганын билдирип, ишине ийгилик каалашты.

Бөлүшүү:
Next Post

Ким Чен Ын түшкөн поезд Россияга келди

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын түшкөн Россияга кеткен брондолгон поезд Приморск аймагындагы Раздольная дарыясындагы темир жол көпүрөсүнөн өтүп, түндүктү көздөй жылганы белгилүү болду. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:15те сары тилкеси бар жашыл вагондуу брондолгон поезд Ким Чен Ындын Пхеньяндан кетүү аземинен алынган расмий сүрөттөрүндөгүдөй. Белгиленгендей, вагондор Россия темир жолдорунун […]

Сизге жагышы мүмкүн