АКШ, Британия, Германия: Рютте НАТОну эң сонун башкармак

Автор

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби, Голландиянын премьер-министри Марк Рютте “НАТОнун эң сонун баш катчысы болмок”,-деди.
Рютте мырзанын талапкерлигин расмий түрдө Германия жана Улуу Британия да колдоду.
Британ премьер-министринин басма сөз катчысы Риши Сунактын айтымында, Улуу Британия НАТОнун жаңы баш катчысы катары Голландиянын премьер-министри Марк Рюттени катуу колдойт. Анын айтымында Лондонго “НАТОнун күчүн сактап кала турган жана альянстын 2030-жылга чейин көз карашын ишке ашыра турган талапкер керек”,-деди ал.
Германиянын канцлери Олаф Шольцдун басма сөз катчысы Штеффен Хебестрейт X аккаунтунда “Анын коопсуздук саясатында чоң тажрыйбасы жана күчтүү дипломатиялык жөндөмү аны көрүнүктүү талапкер кылат”,-деп жазган. Ошол эле учурда Рютте мырзанын талапкерлиги Түркия тарабынан бекитиле электиги билдирилди.
22-февралда Румыния альянстын башкы катчысы кызматына өлкөнүн президенти Клаус Йоханнистин талапкерлигин көрсөтүп жаткандыгы тууралуу НАТО союздаштарына кабарлады.
Азыркы баш катчы Йенс Столтенбергдин мөөнөтү октябрда бүтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Зеленский коргонуу эле эмес, чабуул да болорун билдирди

Владимир Зеленский Fox News телеканалына берген маегинде Украина быйыл өзүн коргоону гана эмес, чабуул жасоону да пландап жатканын айтты. 2023-жылдагы контрчабуул тууралуу комментарий берип жатып, украин лидери мындай аракеттерде согушкерлердин өмүрү жөнүндө ойлонуу керектигин, анткени тез кыймыл адамдардын өлүмүнө алып келерин айтты. Зеленскийдин айтымында Украина, аскерлерин жоготсо, бардыгын жоготот. “Коргонуу […]

Сизге жагышы мүмкүн