Анара Сыдыгалиева Түрк дүйнөсүнүн 2022-жылдагы эң мыкты актрисасы аталды

Автор

Эл аралык театр күнүнө карата  ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жана Түркиянын  эң кадыр-барктуу “ТЕАТР” уюму 2022- жылдын Түрк дүйнөсүнүн эң мыкты театр сыйлыгына татыктуулардын ысмын атады. Бул тууралуу уюмдун сайтында аталат.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Анара Сыдыгалиева Түрк дүйнөсүнүн 2022-жылдагы эң мыкты актрисасы аталды.  Сыйлыкты тапшыруу аземи  24- апрелде Стамбул шаарында өтөт.

Ал эми жалпы Түрк дүйнөсүнөн сыйлыкка көрсөтүлгөндөр төмөндөгүчө:

  1. Мустафа МУСТАФАЕВ – Азербайджан мамлекеттик жаштар театрынын башкы сүрөтчүсү – Түрк дүйнөсүнүң эң мыкты театр сүрөтчүсү. ( Азербайджан)
  2. Фархад МОЛДАГАЛЫ – Г. Мусрепов атындагы казак мамлекеттик академиялык балдар жана өспүрүмдөр театрынын көркөм жетекчиси – Түрк дүйнөсүнүн эң мыкты театр режиссеру (Казакстан)
  3. Анара СЫДЫГАЛИЕВА– Т. Абдумомунов атындагы улуттук академиялык драма театрынын актрисасы – Түрк дүйнөсүнүн эн мыкты театр актрисасы. (Кыргызстан)
  4. Аскар ХОЛМУМИНОВ – Өзбек улуттук акалемиялык театрынын башкы режиссеру – Түрк дүйнөсүнүн эң мыкты театр режиссеру. (Өзбекстан)
  5. Мухамметгулы КАСИМОВ – Түркмөн театр жана кино актеру – Түрк дүйнөсүнүн эң мыкты актеру (Түркмөнстан )
Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн планеталар бир катарга тизилет

Бүгүн Меркурий, Юпитер, Марс, Венера жана Уран түнкү асманда бир катарга тизилет. Марсты аныктоо үчүн Айдын сол жагындагы калың жарым айды издеңиз. Сары-кызгылт сары түс да пайдалуу аныктагыч болуп саналат. Венераны жана Марсты дүрбүсүз же кандайдыр бир линзаларсыз көрүүгө болот. Уран да көрүнүп калат, бирок Венеранын жогорку сол бурчундагы башкаларга […]

Сизге жагышы мүмкүн