Алматыда мектептерде сабактар ​​токтотулду

Автор

Алматыда жер титирөөдөн кийин шаардын бардык мектептеринде жана колледждеринде кабыл алуу пункттары түнү бою иштегендигине байланыштуу 2024-жылдын 23-январында мектептерде жана колледждерде биринчи нөөмөт боюнча сабактар ​​токтотулду. Бала бакчалар кадимки режимде иштейт. Балдарын алып баруу ата-энелердин каалоосу менен болот. Бүгүн түнү Алматы шаарынын тургундары катуу жер титирөөнү сезишти. Айрым аймактардын жашоочулары жер титирөө узакка, 5 мүнөткө созулганын билдиришти. Маалыматтарга боюнча Алматыда 5 балл болду. Ошол эле учурда, ӨКМ билдиргендей, жер титирөө Астана, Алматы, Чыгыш Казакстан, Жамбыл, Жетису жана Карагандада сезилди. Сейсмологдордун корутундусуна ылайык, күчтүү жана кыйратуучу жер титирөөлөр күтүлбөйт.

Бөлүшүү:
Next Post

Жер титирөө учурунда эмне кылуу керек? Эреже

Табияттын кырсыгы айттырбай келет. Алардын бири жер титирөө. Адистердин айтымына таянсак, бир жыл аралыгында Кыргызстандын аймагында 10 миңге жакын зилзала катталат. Жер титирегенде эмне кылуу керек? Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алгачкы кадамдар жана коопсуздук эрежелери жөнүндө кеп-кеңеш берди. Кырсык башталганда уюлдук телефон жана өздүгүн тастыктоочу документтер топтомун алып, 10 секунд ичинде […]

Сизге жагышы мүмкүн