Жер титирөө учурунда эмне кылуу керек? Эреже

Автор

Табияттын кырсыгы айттырбай келет. Алардын бири жер титирөө. Адистердин айтымына таянсак, бир жыл аралыгында Кыргызстандын аймагында 10 миңге жакын зилзала катталат.
Жер титирегенде эмне кылуу керек? Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алгачкы кадамдар жана коопсуздук эрежелери жөнүндө кеп-кеңеш берди.
Кырсык башталганда уюлдук телефон жана өздүгүн тастыктоочу документтер топтомун алып, 10 секунд ичинде сыртка чыгып кетүүгө аракет кылыңыз;
Эгерде жер титирөө учурунда биринчи кабатта болсоңуз, анда 10-15 секунддан соң (биринчи титирөөдөн кийин) көчөгө чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгүңүз бар;
Жер силкинген кезде экинчи кабатта болсоңуз, бөлмөдөгү эң коопсуз жерди табуу (бурч, столдун асты ж.б.) керек. Эч качан терезеден секирбеңиз;
Эгер жер титирөө учурунда сыртта болсоңуз, туруксуз курулуштардан, кыйроочу чакан имараттардан алыс болуңуз. Ачык жерге качып, көрнөк-жарнактардан, күркөлөрдөн, аялдамалардан да алыс болууга аракет кылыңыз;
Министрликтин билдирүүсүнө караганда, 1-3 баллга жеткен титирөө билинер-билинбес өтөт. Ал эми 4 баллдан өйдө катталган жер титирөө олуттуу кыйроолорго алып келет.
“Зилзаланын болорун алдын ала божомолдоо мүмкүн эмес. Эӊ көп жер силкинүү катталган Япония да мындай мүмкүнчүлүктөргө жете элек. Бирок жер силкинүүнүн алдында бош орнотулган объектилер термелип, жарык өчүп-жана баштайт. Бул белгилер байкалганда дароо керектүү буюмдарды алып, коопсуз жерге жайгашуу зарыл”, – деп баса белгилешти ведомствонун маалымат кызматынан.
Жер титирөөдө ошондой эле өрт учурунда эч качан лифт колдонууга болбойт. Тепкич менен гана түшүү керек. Имараттан чыгып баратканда бардык электр, газ булактарын өчүрүп, суу түтүктөрүн бекитип салган оӊ. Бул жер титирөөнүн көбүрөөк чыгым болуусунун алдын алат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 23-январга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89.40 сомдон болсо, сатуу 89.70 сом болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89 сом 31 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн