Али Хаманей күчүбүздү дүйнөгө көрсөттүк деди

Автор

Иран Ислам Республикасынын диний лидери Али Хаманей куралдуу күчтөрдүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, “Израилге жөнөтүлгөн ракеталардын бутага жетип, жетпегени маанилүү эмес. Эң негизгиси, Иран куралдуу күчтөрүнүн дараметин дүнүйөгө көрсөтүү болчу, биз ага жетиштик”,- деди.
Иран 13-апрелде Израилге 300 гө жакын ракета ыргыткан. Бирок, анын 90 пайызга жакынын Израил асманда жок кылганын маалымдаган.
Үстүбүздөкү жылдын 1-апрелинде Израил Ирактагы Иран элчилигин бомбалап, натыйжада, Ирандык 2 генерал набыт болгон. Иран бийлиги шейит кеткендердин каны жерде калбайт деп билдирген эле.

Бөлүшүү:
Next Post

Ысык-Көлдө жер титиреди

Ысык-Көлдүн аймагында 22-апрелге караган түнү саат 01:27де очогунда 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Сары-Жаз кырка тоолорунда — Эчкили-Таш айылынан түштүк-чыгышка карай 18 чакырым, Кең-Суу айылынан түндүк-чыгышка карай 27 чакырым, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 100 чакырым аралыкта болгон. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн