Украинага болгон массалык аба чабуулу тууралуу эмнелер белгилүү?

Автор

Украина түн ичинде жана жума күнү эртең менен акыркы мезгилдеги эң ири аба чабуулуна кабылды. Камикадзе дрондорунун кезектеги рейдинен кийин ар кандай типтеги 100дөн ашык ракета учурулган. 18 жай тургун набыт болду. Днепропетровск областында алты адам, Запорожьеде ушунча адам, Киев менен Одессада үчтөн, Харьков менен Львовдо да жоготуулар бар.
Украинанын президенти Владимир Зеленский чабуул тууралуу айтты “Бүгүн Россия арсеналында болгон бардыгы менен сокку урду Кинжалдар, S-300, канаттуу ракеталар, учкучсуз учактар.
Зеленский чабуул учурунда жалпысынан 110го жакын ракета атылганын билдирди. Кийинчерээк Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер-аба күчтөрү мындан да көп санды – ар кандай типтеги 158 ракета жана чабуулчу учкучсуз учактарды атады.
Болгону 87 ракета жана 27 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнү айтылды.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Валерий Залужный өтө маанилүү инфраструктурага, өнөр жай жана аскердик объектилерге чабуул жасалганын билдирди.
Талкаланган ракеталардын сыныктары бир нече ири шаарларга, анын ичинде Киевге да түшкөн. “Төрөт үйү, билим берүү мекемелери, соода борбору, көп кабаттуу жана жеке үйлөр, коммерциялык кампа, унаа токтотуучу жай. Киев, Львов, Одесса, Днепр, Харьков, Запорожье жана башка шаарлар”,-деп Зеленский шаарларды жана объектилерди санап өттү.

Бөлүшүү:
Next Post

Роналду дүйнөлүк спортчулар рейтингинде биринчи орунга чыкты

Hopper HQ компаниясы 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча дүйнөлүк спорт жылдыздарынын рейтингин жарыялады. Алдыңкы бештикке кирген оюнчулар: Ошентип биринчи орунда “Аль-Насрдын” жылдызы Криштиану Роналду турат. Экинчи орунда “Интер Майами” клубунун чабуулчусу Лионель Месси. Үчүнчү орунда индиялык крикетчи Вират Кохли. Компания “Аль-Хилалдын” чабуулчусу Неймарды төртүнчү орунга жайгаштырды. Бешинчи орунда Лос-Анжелестин чабуулчусу Леброн Жеймс […]

Сизге жагышы мүмкүн