Алимжан Байгазаков кызмат ордун сактап калды

Автор

Эсептөө Палатасынын аудиторуна кайрадан Алимжан Байгазаков тандалды. Аны “Альянс” фракциясы көрсөткөнүн парламент жыйынында Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Данияр Төлөнов билдирген. Ал эми “Ишеним ” партиясы Алмазбек Тажиевдин талапкерлигин сунуштаган. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 75 депутат Алимжан Байгазаковдун талапкерлигин жактырды. Ал 1962-жылы Алай районунда туулган. 1981-жылы Фрунзедеги финансы экономикалык техникумду, 1989-жылы Кыргыз Улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 18-майга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87.6 сом  болсо, сатуу  88.3 сом  чейин  болууда.   Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 51 тыйын  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн