Президент Дубайда бир катар жолугушууларды өткөрдү

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн убай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин аянтчасында бир катар өлкөлөрдүн жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Мамлекет башчысы Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Словениянын президенти Наташа Пирц-Мусар жана Пакистандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Анвар-уль-Хак Какар менен жолугушту.

Эскерте кетсек, бүгүн Дубай шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө COP28 — Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын конференциясынын 28-сессиясынын алкагында уюштурулган климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин ачылыш аземи болуп өттү.

Бөлүшүү:
Next Post

Алмазбек Атамбаев кайрадан камакка кайтабы?

“Алмазбек Атамбаев чет өлкөгө мыйзамдуу жана ден-соолугуна байланыштуу чыккан. Бирок, анын башка  кылмыш ишинин эпизоттору боюнча иш жүрүп жатат”,-деди Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков. “Тергөө бир аз кечигип жатышы мүмкүн. Мындайда жабырлануучу тараптар да, суралышы керек. Кылмыш иши бар ар бир адам ден соолугу начарлаганда ооруканага көрүнүүгө акысы бар. Айыккандан […]

Сизге жагышы мүмкүн