“Ак шумкарлар” Иран жана Ооганстан менен беттешет

Автор

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы CAFA Nations Cup турниринин тайпалык оюндарында Афганистан жана Ирандын командалары менен беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-апрелде Дүйшөмбү шаарында чүчүкулак тартуу аземи өттү. Анын жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы “В” тайпасында Афганистан жана Ирандын командалары менен жайгашты.

“В” тайпасындагы оюндар 10, 13, 16-июнда Бишкекте, “А” тайпасындагы оюндар 11, 14, 17-июнда Ташкентте өтөт.

 

“В” тайпасындагы оюндардын жүгүртмөсү:

 

  • 10-июнь

Кыргызстан – Афганистан

 

  • 13-июнь

Иран – Афганистан

 

  • 16-июнь

Кыргызстан – Иран

 

Эки тайпанын жеңүүчүлөрү финалга чыкса, экинчи орунга илинген командалар коло медаль үчүн беттешет.

 

CAFA Nations Cup турниринде Афганистан, Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстандын курама командалары ойнойт.

Бөлүшүү:
Next Post

27-апрелге карата аба ырайы

Эртең, 27-апрелге караган түнү Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз […]

Сизге жагышы мүмкүн