“Барселона” клубу  Испания чемпионатын  27-ирет жеңип алды

Автор

Каталониялык “Барселона” футболдук клубу 2022/2023-жылкы сезондо  27-жолу Испаниянын чемпиону болду.

34-турда каталониялык клуб  «Эспаньолду» утуп алышты. Беттешүү 4:2 эсебинде меймандардын пайдасына аяктады. Жеңиш командага турнирдик таблицада 85 упай топтоп, мөөнөтүнөн мурда баш байгени жеңип алууга мүмкүндүк берди.

Белгилей кетсек, “Барселона” Испания чемпиондугун 27-ирет жеңип алды. Каталондуктар 2018/2019 сезонунан бери турнирди жеңе элек болчу. Трофейлердин саны боюнча  каталондук клуб “Реал Мадридден” (35 жеңиш) гана артта калды.

Бөлүшүү:
Next Post

Боом капчыгайында таш түшүрүү иштери жүрүүдө

Боом капчыгайында 16-19-май күндөрү таштарды түшүрүү жумуштары башталды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти. «16-майдан 19-майга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3901-чакырымы) коркунучтуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт. Жумуштар ИИМдин кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке […]

Сизге жагышы мүмкүн