Талас медициналык колледжинин директору кармалды

Автор

Акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен Талас медициналык колледжинин директору Б.Г.А. кармалды. Бул тууралуу  УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жетекчи 20 миң сом өлчөмүндө пара менен колго түшкөн.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Талас медициналык колледжинин директору Б.Г.А. жана аталган колледждин башка кызмат адамдары окуунун бюджеттик жана контракттык түрлөрүнө абитуриенттерди кабыл алууга көмөктөшкөндүгү үчүн мыйзамсыз акчалай сыйлыктарды системалуу түрдө алышкан.

Жогорудагы адамдар, кабыл алуу комиссиясынын мүчөсү болуу менен акчалай сыйлыкка абитуриенттерге тесттин суроолору алдын ала даярдалган туура жоопторду беришкен.

Учурда жогорудагы фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Пентагон Австралияны гиперүндүү ракеталардын полигону кылгысы келет

Пентагон Австралияны АКШ, Улуу Британия жана Австралия менен стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында гиперүн жана башка алыс аралыкка атуучу куралдарды сыноо полигону катары колдонушу мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын армиясынын катчысы Кристин Уормут билдирди. “Австралияда сыноолор ыңгайлуу шарттарда өткөрүлө турган чоң аймак бар”,-деп айтылат билдирүүдө. Министрдин айтымында, АКШда мындай куралды сыноо үчүн көп […]

Сизге жагышы мүмкүн