«Ак-Кула» ат майданынын мүлкү аукциондо сатылат

Автор

«Ак-Кула» ат майданынын мүлкү аукционго коюлат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев өз буйругу менен муниципалдык мүлктү менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия түздү. Комиссияга Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчикти менчиктештирүү боюнча бекитилген программасына ылайык 10 күндүн ичинде аукцион өткөрүү милдети жүктөлдү. Бул программага ылайык, Термечиков көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан “Ак-Кула” ат майданынын айрым бөлүгү электрондук аукцион аркылуу сатылат.
Белгилей кетсек, аукционго катышуунун шарттары жогорудагы комиссия тарабынан аныкталат. Муниципалдык мүлктү сатып алуучулар жеке жана юридикалык жактар боло алышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Иш кагаздарынын сөздүгү

Кыргыз тилди өнүктүрүү багытын көздөгөн бир топ, иш – чаралар жүрүп жатат. Ошону менен бирге унутта калып бараткан нукура кыргыз сөздөрүнүн эл арасында кеңири пайдалануу иш аракети да күч алды. Мындан улам биз да, мамлекеттик кызматкерлер үчүн иш кагаздарынын кыргызча сөздүгүн топтоп, сунуштап жатабыз. Иш кагаздарынын сөздүгү Кандидат – талапкер […]

Сизге жагышы мүмкүн