Иш кагаздарынын сөздүгү

Автор

Кыргыз тилди өнүктүрүү багытын көздөгөн бир топ, иш – чаралар жүрүп жатат. Ошону менен бирге унутта калып бараткан нукура кыргыз сөздөрүнүн эл арасында кеңири пайдалануу иш аракети да күч алды. Мындан улам биз да, мамлекеттик кызматкерлер үчүн иш кагаздарынын кыргызча сөздүгүн топтоп, сунуштап жатабыз.
Иш кагаздарынын сөздүгү

Кандидат – талапкер

Квалифицированный – дасыккан

Квартал – чейрек бөлүк

Квартира – батир

Квитанция – дүмүрчөк

Коллектив – жамаат

Командировка – иш сапар

Конкуренция – атаандаштык

Конкурс – сынак

Консультация – кеңеш берүү

Контакт – байланыш

Контракт – келишим

Контроль – көзөмөл

Копия – көчүрмө

Корректировка – оңдоп, түзөө

Кабинет – иш бөлмө

Казна – казына

Капельница – тамчылатма

Катаклизм – алаамат

Клад -кенч

Количество – сан

Коммунальные услуги – коммуналдык тейлөө

Коммуникация – байланыш

Конкретизовать – тактоо

Конструктивный – жөндүү

Казнить – өлүм жазасы

Календарь – жылнама

Канцелярские товары – кеңсе каражаттары

Качество – сапат

Комфорт – жайлуу

Концентированный – коютулган

Концентрироваться – ойду топтоо

Конфиденциальность – купуялуулук

Конфликт – чыр чатак

Коробка – куту

Котел – от казан

Краткосрочный – кыска мөөнөттүү

Кредит – насыя

Кризис – каатчылык

Кругозор – дүйнө тааным

Корень – тамыр

Критика – сын

Крыша – чатыр

Курага – баргек

Кочевник – көчмөн

Бөлүшүү:
Next Post

Өмүрүңдү эмнеге жумшап жатканың тууралуу олуттуу фактылар

Дайыма өмүр ирмемде өтөөрүн айтканыбыз менен көпчүлүгүбүз бул сөздөргө олуттуу маани бербейбиз. Ал эми чындыгында өмүр агын суудай өтүп,улам улгайып бараткан жашообузда бир нерсе калтырууга аракет кылабыз. Төмөнкү эч кимдин оюна келбеген статистикалык маалыматтар турмушка башкача кароого мажбур кылат. Эч көңүлгө албаган фактыларды сыртынан бир карап көрүү да кызык. Бирок, […]

Сизге жагышы мүмкүн