Акылбек Түмөнбаев, ЖК депутаты: “Журналист үйүңө барса, атып салганга укугуң бар”

Автор

“Журналист үйүңө бармактан туура эмес иш кылса, атып салганга укугуң бар. Бүгүнкү күндө блогермин дегендер акча талап кылып, коркуткан учурлар бар, алар албетте, тумшукка жейт”,- деди президенттин кудасы делген депутат Акылбек Түмөнбаев. Ал журналист Ыдырыс Исаковду урган Ош пансионатынын мурдагы директорунун таламын талашып, “журналистмин деп эле ар жакты тарта береби? Тиги кишини үй-бүлөсү менен ажыраштырып, керек болсо, инфаркт кыла жаздаптыр”,-деген.

Журналист Ыдырыс Исаковду пансионаттарды сатып жиберген деген киши бетине чаап жиберген. Ал окуя коомчулукта нааразычылыкты туудурду.

Бөлүшүү:
Next Post

Араванда сел жүрдү

Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүндө катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, сугат арыктарынан ашкан сел суулары унаа жана ички чарбалык жолдорду зыянга учураткан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, кырдаалга байланыштуу жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы жумуш алып барууда. Учурда сел сууларынан келтирилген зыяндын көлөмү такталууда. Кошумча маалымат берилет. […]

Сизге жагышы мүмкүн