4 жыл ичинде 20 миң адамды окутту

Автор

“Мен 17 жылдан бери бизнесте жүрөм. Болгону мен бизнесменмин деп айтпайт экенмин”,- деди белгилүү дин аалымы Мыктыбек Арстанбек.

“Чындыгында, мен күчтүү бизнестерди негиздеген адаммын. Мисалы, “Халал Индустриясы”, Тренинг борборлору, “Лимон”, Биогумус жана Шербет. Булардын баары менин долбоорлорум”,- деген. Ал акыркы 4 жыл ичинде 20 миңдей адамды окутуп, анын 5 миңин бизнес чөйрөсүнө даярдаганын, алардын эң алды 26 млн сомго чейин пайда көрүшкөнүн, 5 миң адамдын 50 пайызы болгондо да, бүгүн 2500 адам ишкерлик менен алектенип жатканын айткан.

Мыктыбек Арстанбек учурда жаш ишкерлерди окутат. Аларга бизнести баштоо, өндүрүү, сатуу жана интернет аркылуу бизнес чөйрөсүн кеңейтүүнүн жол жоболорун үйрөтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Мадумаров кылым кыйшайбайт деди

Адахан Мадумаров Жогорку Кеңеште маалымат жыйын куруп, өзүнө козголгон кылмыш иштин чоо – жайын түшүндүрүп, “кылым кыйшайбайт”,- деди. “Кемпир-Абад маселеси бийликтин маңдайына жазылып калган кылмыш. Булар кетсе деле бул козголо берет. Ойлошу мүмкүн, кылмыш иш ачып, камап койсок баары унчукпай калат деп. Мен айтканмын, мага демектен күндү батыштан чыгарып жибергиле. […]

Сизге жагышы мүмкүн