Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Нидерланд элчиси менен эмнелерди талкуулады?

Автор

Акыйкатчы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева жана Нидерланд Королдугунун Кыргызстандагы элчиси Нико Шермерс менен жолукту.
Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар Кыргызстан менен Нидерланддын адам укуктары жана эркиндиктери боюнча өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү боюнча талкуулашты.
Кыргызстандын акыйкатчысы менен Нидерланд элчиси жалпы таанылган эл аралык укуктар жана принциптерге ылайык, эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын коргоо жаатындагы маселелерде өз ара түшүнүшүүгө жетишти.
Жамиля Жаманбаева КРнын Акыйкатчы институту өлкөнүн чегинен тышкары да адам укуктарын коргоо боюнча интенсивдүү иштерди жүргүзүп жатканын баса белгиледи.
“Биздин кызматташтык адам укуктары жана эркиндиктерин сактоо жаатында оң натыйжаларды алып келиши мүмкүн. Азыркы учурда Акыйкатчы институту башка өлкөлөрдүн укук коргоо институттары менен кызматташтыкты күчтөндүрөт, анткени адам укуктарынын чек арасы жок. Биз ошондой эле Нидерланд королдугунун улуттук Акыйкатчысы менен кызматташууга кызыкдарбыз, анткени аталган өлкөнүн адам укуктары жаатындагы эксперттик иш тажрыйбасын изилдегибиз келет.
Азыркы учурда Акыйкатчы институту адам укуктарынын системалык бузулушун ачыктоого басым жасап, ошондой эле КРдагы адам укуктары жана эркиндиктеринин ченемдик укуктук базасын эл аралык стандарттарга толук шайкеш келтирүү идеясын активдүү илгерилетүүдө. Мындан тышкары биз өлкөнүн адам укуктары жана эркиндиктери жаатында эл аралык уюмдардын алдында алган милдеттерин ишке ашыруу бөлүгүнө өзгөчө көңүл буруп жатабыз”, — деп белгиледи акыйкатчы.

Нико Шермерс адам укуктары жана эркиндиктерин коргоо жаатындагы кызматташтык жаңы деңгээлге чыга турганына ишенээрин билдирди.
“Сиздердин институтка келгендигибиз абдан зор кубаныч. Кыргызстандагы Нидерланддын элчиси болуп дайындалгандан кийин мен алгач келген мекеме сиздердин институт болуп калды. Бул Нидерланд Королдугунун адам укуктарына мамилесин көрсөтүп турат. Азыр Кыргызстанда зомбулукка каршы акция өткөрүп жатышат. Гендердик зомбулукка каршы акциялар бүткүл дүйнөдө актуалдуу. “Гендердик зомбулукка каршы 16 күн” деп аталган акцияны колдоо белгиси катары мен да бүгүн ачык кызык галстук тагындым”, — деп белгиледи элчи.

Нидерланд элчиси Акыйкатчынын ролунун маанилүү экендиги жөнүндө кошумчалады.

Бөлүшүү:
Next Post

НАТО бюджетин 2,03 миллиард еврого чейин көтөрдү

НАТО Кеңеши уюмдун 2024-жылга карата жарандык жана аскердик бюджеттерин тиешелүүлүгүнө жараша 18,2 пайыз жана 12 пайыз көбөйтөрүн жарыялады. Уюмдун сайтындагы маалыматка ылайык, аскердик бюджет 2,03 миллиард еврону, жарандык бюджет 438,1 миллион еврону түзөт. НАТОнун баш катчысынын орун басары Мирча Геоананын айтымында, каржылоонун көбөйүшү уюмга коопсуздук маселелерин эффективдүү чечүүгө мүмкүндүк берет. […]

Сизге жагышы мүмкүн